Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Шаурмага улануудан кийин 43 тез татым жайы жабылды
06.10.2023 | 14:08
Саламаттыкты сактоо министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгында 43 тез татым жайы жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал шаурмага улануудан кийин мекеменин буйругу менен Бишкектеги баардык тез татым жайлары текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.
“43 жер жабылып, 1 миллион сомго айып пул салынды”, – деп кошумчалады министр.
Алымкадыр Бейшеналиев эми гемодиализ жеке менчик борборлорун текшерүүдөн өтөрүн кабарлады.
“Биз аларга лицензия бергенден кийин кайсы убакта болбосун текшере алабыз”, – деп белгиледи аткаминер.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом