Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло байге үчүн күрөшөт.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш бүгүн, 6-октябрда башталды.

Тыныбекова 1/8 финалдагы биринчи кармашында таиланддык Салини Шрисомбатты 14 секунда жеңди. Ал атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен кез келип, тилекке каршы жеңилүү ызасын тартты. Беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталды.

Бирок япониялык балбан кыз финалга чыккандыктан, Айсулуу Тыныбекова көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүндүк алды. Белгилүү болгондой, көңүл жубатуучу кармашты уткан балбан коло үчүн күрөшөт.

Көңүл жубатуучу беттеште Тыныбекова вьетнамдык спортчуну 10:0 эсебинде жеңди. Муну менен ал коло үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Үчүнчү орун үчүн Айсулуу Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецова менен күч сынашат.

Азия оюндары: Тыныбекова чейрек финалда «эзелки» атаандашына жеңилди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>