Бишкекте өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышууга Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери дагы келишти.
Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаевды тең министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн 13.00дө башталат. Иш чарага Владимир Путин, Илхам Алиев, Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян гана отурумга катыша албайт.
Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резидециясында өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз