Чолпон-Атанын мурдагы мэри кылмыштуу жолдон баш тартканын билдирди (видео)

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кылмыштуу жолдон баш тартканын билдирди (видео)

Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри Мирлан Маратов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Маратовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (Алдамчылык) боюнча козголгон кылмыш ишин Бишкек шаардык милициясы тергеп жатат.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2021-жылы күзүндө Маратов Бишкек шаарынын жашоочусунун 10 миң доллар акчасын алдоо жолу менен ээлеп алган. Ал жабырлануучуга күрөө катары «Лексус» унаасын, каттоо күбөлүгүн жана ишеним катын калтырган. Бирок көп өтпөй «шашылыш ишим бар» деген шылтоо менен унааны убактылуу берип турууну сурап, алып кеткен. Кийин ал унааны башка адамдарга сатып жиберген.

Учурда Маратов убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Аталган жаран (Мирлан Маратов – ред.) мурда сот жообуна тартылган, криминалдык авторитет менен тыгыз байланышта болгон жана мурда облустардын бириндеги шаардык администрациясын жетектеп келген. Бул факты боюнча тергөө иштери уланууда», — деп билдирет ИИМ.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Маратов маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турганын, кылмыштуу жолдон баш тартканын айткан билдирүүсу тараган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>