Президенттер качан учуп кетишет? Саммиттин программасы

Президенттер качан учуп кетишет? Саммиттин программасы

КМШга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны бүгүн 13.00-16.00 гө чейин өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчылыры адаттагыдай тар жана кенен чөйрөдө жыйын өткөрүп, соңунда жалпыга маалымдоо каражаттарына  билдирүү жасайт.

Жети президент талкууга ала турган маселелер азырынча белгисиз.

Программага ылайык, саат 16.00-17. 00дө Садыр Жапаров атынан конокторго сый көрсөтүү аземи өтөт. Андан кийин КМШ лидерлери өлкөлөрүнө учуп кетишет.

Белгилей кетсек, иш чарага Владимир Путин, Илхам Алиев,  Александр Лукашенко, Сердар Бердымухамедов, Эмомали Рахмон, Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев катышат. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичинен  Армениянын премьер-министри Никол Пашинян гана келе албастыгын кабарлаган.

Уюм 1991-жылы үч өлкө ортосунда түзүлүп, кийин анын курамы 12ге кеңейген. 2009-жылы Грузия, 2016-жылы Украина, 2022-жылы Молдова келишимди токтотот.

Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резидециясында өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>