Ширенкенин кутусуна салынган. Ысык-Көлдө баңгизат саткан жаран кармалды

Ширенкенин кутусуна салынган. Ысык-Көлдө баңгизат саткан жаран кармалды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери баңгизатын ташып бара жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук милициясынын ыкчам кызматкерлерине Түп районунун айылдарынын биринин тургуну баңгизатын сатуу максатында үйүндө сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүнүн өздүгү такталды. Ал Түп районунун Тасма айылынын 38 жаштагы Н.Б аттуу тургуну болуп чыкты.

Жеке текшерүү учурунда андан 21 даана ширенкенин кутусуна салынган баңгизат табылып, алынган. Салмагы 285 граммды түзгөн зат таңгакталган.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Каракол шаардык соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын — 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>