Шоу болбойт. УКМКга «Женго» кримавторитет өзү келген

Шоу болбойт. УКМКга «Женго» кримавторитет өзү келген

Коомчулукка «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадырбек Досонов өзү Ош шаарындагы УКМКга барды.  Бул тууралуу социалдык тармактарда анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

«Балким, УКМК аны супер операциядан жана супер издөөдөн кийин кармалганын расмий билдириши мүмкүн», — деп жазган ал.

Кечээ, 10-февралда УКМКнын басма сөз кызматы Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында Кадыр Досоновду кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Издөө иштеринин натыйжасында,  “Женго” Оштогу үйлөрдүн биринде жашырынып жүргөнү белгилүү болду. Үйдөн Кадыр Досоновго тиешелүү жеке жана үй буюмдарын ошондой эле уюлдук телефонун табышкан. Мындан тышкары, тыюу салынган буюмдар менен баңги заттар табылган.

Буга байланыштуу УКМК жана Ички иштер министрлиги Досоновду табуу жана кармоо боюнча планын жарыялаган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>