Штаб: Өлкөдө санитардык уюмдарда жалпы 25 миңге жакын керебет бар

Штаб: Өлкөдө санитардык уюмдарда жалпы 25 миңге жакын керебет бар

Өлкөдө санитардык уюмдарда жалпы 25 миңге жакын керебет (койка) бар. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

«2020-жылдын 1-январына карата КР Саламаттык сактоо санитардык уюмдарында 1800 инфекциялык койканы кошкондо жалпы 25000ге жакын койка бар.
Лабораториялык аныктоо учурунда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын көпчүлүгү, биринчи кезекте, инфекциялык бөлүмдөрдүн стационардык койкаларына жаткырылат.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды кабыл алуу жана дарылоо үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында орундар толугу менен бошотулду.
Зарылдыка жараша, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн Кыргызстандын бардык аймактарындагы стационардык дарылоо мекемелери бошотулат», — деп маалымдады Мамбетов.

Аталган министрлик өзгөчө кырдаал шартында саламаттыкты сактоо уюмдарын кайрадан профилдештирүү жана коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүмдөрдү түзүү планын иштеп чыкты. Республика боюнча 1943 койка кайра профилденет, анын ичинде 254 реанимациялык койка киргизилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>