17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыБлогер Sary Kyz: Мен Кыргызстандын туризм боюнча амбассадору болдум. Бул абдан сонунДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырды
Швейцария Бишкекте канализация курууга 13 млн евро грант берди
28.04.2023 | 15:40
Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте канализация курууга 13 млн. евродон ашык грант берди. Бул тууралуу аталган элчилик билдирди.
Бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер, Бишкектин мэри, “Бишкексууканалдын” жана ЕРӨБдүн өкүлдөрү узундугу 11 км болгон жаңы канализациялык коллекторду куруу боюнча долбоорго барышты.
Бул коллектор Бишкектин түштүк жана батышындагы жаңы конуштардын жашоочуларын шаардык тармак менен байланыштырмакчы.
“Долбоор 150 000ге жакын адамдын жашоосун жакшыртат. Швейцария бул долбоор үчүн грант түрүндө 13 миллиондон ашык евро бөлүп берди”, – деди элчи Бангертер.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом