Депутат Нарматова Эдил Байсаловго кызматтан кетүүнү сунуштады (видео)

Депутат Нарматова Эдил Байсаловго кызматтан кетүүнү сунуштады (видео)

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйынында депутат Надира Нарматова вице-премьер-министр Эдил Байсаловго кызматтан кетүүнү сунуштады.

Жыйында эл өкүлү Надира Нарматова вице-премьер-министрге кайрылып, “Сиз координациялык кеңештин жетекчиси экениңизди моюнга алдыңызбы?”, деген суроо узатты.

Өз кезегинде Эдил Байсалов: “Декабрда координациялык кеңештин курамы жаңыланып, мен анын жетекчиси болгом,  ошондой токтом чыгарылган. Бирок, координациялык кеңештин өлкө комитетине эч кандай тиешеси жок. Ал биздин координациялык кеңеште каралган эмес. Менин ага эч кандай тиешем жок”, — деп жооп берди.

“Эгер сиз жооп бербесеңиз анда өкмөттүн атынан эмнеге келдиңиз? Анда кызматыңызды тапшырып, иштей турган адамдарга бергиле да. Колунан келген адам иштеш керек. Сиз өз милдетиңизди моюнга алгыңыз келбей жатат”, — деди Надира Нарматова.

Жыйында депутаттар ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга бөлүнгөн гранттык каражаттарды алып жаткан өлкө комитетин талкуулашты.

Белгилей кетсек, жыйынга Бактыбек Сыдыков менен Эльмурза Сатыбалдиев жетектеген фракциянын жана депутаттык топтун мүчөлөрү,  министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тийиштүү мекемелердин жетекчилери катышты. Жыйында алгач Акылбек Жапаров 2026-жылга чейин белгиленген Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>