АКШ Тайванга 11 миллиард долларга курал-жарак жеткиретОрусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү алдыдагы дем алышта Майамиде өтөрү айтылуудаКыргызстан Орусиядан эмне сатып алат. Орус экспорт борборунун маалыматтарыБишкек занял 54-е место по уровню загрязнения воздухаСадыр Жапаров «Борбордук Азия + Жапония» саммитине катышуу үчүн Токиого бардыОрусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды
Швейцария Кыргызстандагы карылар үйүн колдоо үчүн каражат бөлөт
22.04.2022 | 14:20
Швейцария өкмөтү Кыргызстандагы карылар үйүндө жашагандарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Швейцария өкмөтү Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте борбордук жана райондук деңгээлде ишке ашырат.
“Шведцария өкмөтүнүн колдоосунун астында 1200 майып жана карылар жашаган 6 социалдык мекеменин санитардык, гигиеналык шарты жакшыртылып, ашканасы оңдолуп берилет”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында ишке ашырылат.