Чүй: Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

Чүй: Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. кыргыз жараны К.Ж.К. аттуу кишини жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда,  А.С.К. буга чейин К.Ж.К. бул маселени чечүү үчүн 97,5 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражатын алган.  Ошол эле учурда А.С.К. мурда берилген акча каражаттарын (97,5 миң АКШ доллары) алган, андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң АКШ долларын талап кылган.

2022-жылдын 21-апрелинде А.С.К. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>