Чет элдик жаранды тоногондор кармалды

Чет элдик жаранды тоногондор кармалды

Бишкекте тоноо фактысына шектелгендер кармалды. Бул туурасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш 18-апрель күнү саат түн ичинде Ала-Арчинская-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Борбор калаанын тургунун бейтааныш адамдар кол салып, сабап, телефонун тартып алышкан.

Бишкек шаарынын тургунунан тышкары дагы бир жабырлануучу бар. Өзбекстандын жаранынын айтымында, ошол жерден ага кылмышкерлер кол салышкан. Чет элдик жаранды сабап, уюлдук телефонун тартып алышкан.

Бул фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Каракчылык») менен катталды.

Милиция  кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Т.Т., 1992-жылы туулган Т.А., 2005-жылы туулган С.У. аттуу 4 адамдын үчөөнү кармашкан. Экөө эки айга СИЗО-1ге киргизилип, жашы жете элек бала бошотулган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>