Шылуундар 25 миң сомдук жөлөкпул тууралуу жалган маалымат таратууда

Шылуундар 25 миң сомдук жөлөкпул тууралуу жалган маалымат таратууда

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги шылуундар 25 миң сомдук жөлөкпул тууралуу жалган маалымат таратып жатканын билдирет.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга «1990-2024-жылдар аралыгында иштегендер Социалдык өнүктүрүү министрлигинен 25 миң сом жөлөкпул алууга укуктуу» деген маалымат тараган.

Министрлик аталган маалымат калп экенин белгилейт. Ошондой эле аталган жарыя менен бирге жөнөтүлгөн шилтемени да ачпоо керектигин эскертет.

«Жөлөкпул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул калп маалымат. Ошентип, алдамчылар сиздин эсептериңизди же жеке маалыматтарыңызды билүүгө аракет кылышы мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик алардын маалыматтары расмий сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларында жарыяланып турарын эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>