Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Бишкекте эркек киши мойнуна бычак жеп, ооруканага түштү. Шектүү кармалды
21.10.2024 | 14:22
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, окуя 3-октябрда кечке жуук болгон. Павлов көчөсүндөгү кафеде белгисиз жаран бир эркек кишинин мойнуна бычак сайып, окуя жеринен качып кеткен. Жараат алган жаран ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 30 жаштагы Н.Ж. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганча 4-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.