Шылуундар маданият кызматкерлерин алдоого өттү

Шылуундар маданият кызматкерлерин алдоого өттү

Кыргызстанда шылуундар маданият кызматкерлерине телефон чалып, алдамчылык кылууда.

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, шылуундар маданият кызматкерлерине кайсы бир мамлекеттик органдын атынан чалып, иш-чарага катышууну сунуштап, ал үчүн акча сураган фактылар болууда. Бул тууралуу аларга маданият кызматкерлери кабарлашкан.

«Ушуга байланыштуу дагы бир жолу коомчулукка кайрылууну туура көрдүк. Президенттин администрациясы же мамлекеттик органдардын атынан кимдир бирөөлөр иш-чарага чакырып, анан ал үчүн акча сураса – бул алдамчылар деп билиңиздер.

Мамлекеттик кызматкерлер президенттин атынанбы, министрлер кабинетинин төрагасынын атынанбы, же башка кызматтык адамдардын атынан болобу майрамдык иш-чараларга чакырып, сыйлык, наамдарды тапшырууда эч убакта акча чогултпайт.

Эгер сиз менен бейтааныш адамдар байланышып, мамлекеттик кызматкерлерге ыраазычылык катары каражат чогултуу маселесин көтөрсө, ошол замат тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылыңыздар», — деп белгиледи Алагөзов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>