Асел Жанарбек кызынын сөөгү Чүй каналынан табылды

Асел Жанарбек кызынын сөөгү Чүй каналынан табылды

Чоң Чүй каналынан 19 жаштагы Асел Жанарбек кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, буга чейин Асел Жанарбек кызынын туугандары милицияга кайрылып, 15-февралга караган түнү саат 01:30да ал Канттагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесине (адам уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Издөө иштери учурунда анын курткасы, бут кийими, телефону Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган. Издөө иштерин милиция менен ӨКМдин кызматкерлери бирге жүргүзүп жаткан.

18-мартта милиция кызматкерлери Асел Жанарбек кызынын сөөгүн суудан таап чыгышкан.

Учурда маркумдун сөөгү өлүкканага жөнөтүлүп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Эскерте кетсек, Асел Жанарбек кызы жоголгонго чейин эки ай мурда турмушка чыккан. Жакындары билдиргендей, ал жоголгонго чейин апасына аудио жөнөтүп, өлүп калса кимди күнөөлөө керектигин айткан.

2 ай мурда турмушка чыккан Жанарбек кызы Асел 2 аптадан бери дайынсыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>