Шымкент шаарында Кыргызстандын Консулдугунун кеңсеси ачылды

Шымкент шаарында Кыргызстандын Консулдугунун кеңсеси ачылды

Казакстандын Шымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсеси расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Кеңсе Түштүк Казакстан аймагындагы Кыргызстандын жарандарына укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүү максатында ачылууда.

«Ардактуу консулдун кеңсесинин ачылышы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана ишкер байланыштарды мындан ары чыңдоого, региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, гуманитардык, маданий жана экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган»,- деп билдирди ТИМ.

Ардактуу консул Талгат Айтбаев жаңы кеңсе эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, ошондой эле аймактагы кыргыз жарандарынын жана ишкерлердин практикалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн натыйжалуу аянтча болоруна ишенимин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>