Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин ушул аптада Москвага расмий сапар менен барып, Владимир Путин менен болгон алакаларды чыңдоону жана АКШ менен жүрүп жаткан соода согушунан пайда көрүүнү максат кылууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Си Цзиньпиндин төрт күндүк сапары 8-майда Путин менен сүйлөшүүлөр менен башталып, Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу менен уланат. Бул Кытай менен Россиянын “чексиз өнөктөштүгүн” тастыктаган белги катары кабыл алынууда.
АКШ президенти Дональд Трамп киргизген 145%дык тарифтер Кытай экономикасына олуттуу таасирин тийгизип, Пекинди жаңы экспорттук рынокторду издөөгө мажбурлоодо. Си Цзиньпин бул сапарында Путинден саясий колдоо күтүп жатат.
Кытай менен Россия биргеликте АКШнын дүйнөлүк үстөмдүгүн төмөндөтүүнү көздөшүүдө. Карнеги фондунун Москвадагы директору Александр Габуевдин айтымында, “эки лидер алдыдагы төрт жыл ичинде АКШнын гегемониясын бузуу жолдорун талкуулашат”.
Сапардын алкагында БРИКС жана “G20” алкагындагы кызматташтык, Украинадагы согуш, экономикалык жана энергетикалык маселелер, анын ичинде “Сибирь күчү-2” газ кууру долбоору боюнча сүйлөшүүлөр болот.
Парадга Си менен катар Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва жана Венесуэланын лидери Николас Мадуро да катышары кабарланды.
“Бул — Россияны Глобалдык Түштүк мамлекеттери дагы колдой турганын көрсөтөт”,-деп жазат басылма.