Си Цзиньпин Жапаровду Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды

Си Цзиньпин Жапаровду Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды

22-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен Жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде Өкмөттүн Кыргызстан элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.

Си Цзиньпин Жапаровду Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>