Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Сириядан дагы 22 жаран алынып келинди
19.07.2024 | 09:35
“Айкөл-6” гуманитардык миссиясынын алкагында 8 аял жана 14 жашы жете элек бала Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта алар “Аль-Хол” лагеринде жашап келген кыргызстандыктар экендиги айтылат.
Аталган лагерде учурда 50 миңге жакын качкын топтолгон, алардын көпчүлүгү чет элдик жарандар. Алар “Ислам мамлекетине” кошулган эркектердин аялдары жана балдары. Андагы абалды БУУ гуманитардык кризис катары сыпаттап, тамак-аш, дары-дармек тартыш болуп жатканын кабарлап келет.
Тышкы иштер министрлиги Сирияда жалпысынан 200 аял, 400гө жакын бала бар экенин кабарлаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом