Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздүКыргызстандын U-15 футбол курамасы 0:3 эсебинен кийин Боливияны жеңди«Жаштык инсульттан коргой албайт» — невролог Асель Керимкулова менен маек
Казак эли Кыргызстанда селден жабыркагандарга гумжардам жөнөттү (видео)
19.07.2024 | 09:53
Казакстандын BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN кайрымдуулук фонду Кыргызстандын түштүгүндө селден жабыркаган жарандарга 40 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бул фондго жардамдар негизинен казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын ичинде ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.
Аталган фондду Перизат Кайрат жетектейт.
Гумжардам жүктөлгөн унаалар бүгүн, 19-июлда таң эрте “Ак-Тилек” чек ара өткөрмөсүнөн өтүп, Ош облусун карай жол тартты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом