Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Сирияда лагерде жашаган аялдар менен балдар Бишкекке жеткирилди
08.12.2023 | 16:08
Тышкы иштер министрлиги кезектеги “Айкөл-4” гуманитардык миссиясы ишке ашканын кабарлады.
Анын алкагында бүгүн Бишкекке Сириянын лагерлеринде жашап жаткан 31 аял киши жана 65 жашы жете элек бала атайын учак менен жеткирилди.
Кыргыз жарандарын алып келүүгө АКШнын өкмөтү, БУУ жана Эл аралык Кызыл Крест комитети жардам берди.
Буга чейинки миссиялар менен 70 аял, 246 бала келген.
Тышкы иштер министрлиги Сирияда жалпысынан 200 аял, 400гө жакын бала бар экенин кабарлаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз