Бишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулат
Славян университетинин дипломун Орусия тааныбай жатабы? Министрликтин жообу
29.01.2024 | 16:37
Б.Елцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин дипломун Орусиянын мамлекеттик органдары кабыл албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева билдирди.
Анын айтымында, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө Орусияда мамлекеттик кызматка орношууга кыйын болууда.
“Бул калп, анткени ЕАЭБтин алкагында дагы өлкөлөр бири-биринин дипломун тааныйт. Жакында эле илимий даражаны тануу боюнча келишим кабыл алынды”, – деп жооп берди билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу.
Аткаминердин маалыматында, Кыргызстан тарап университетке 46 миллион сом, Орусия 444 миллион рубль бөлөт.
“Кыргыз өкмөтү гранттык орундарды жана студенттердин тамак-ашык камсыздайт”, – дейт Расул Абазбек уулу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом