Сойкулардын гана эмес, мас айдоочулардын дагы сүрөтүн жарыялоо сунушталды

Сойкулардын гана эмес, мас айдоочулардын дагы сүрөтүн жарыялоо сунушталды

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы Ички иштер министрлигине мас абалында рулга олтурган жарандардын сурөттөрүн жарыялоону сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жол коопсуздук мыйзамын бузган айдоочу ээлеген кызматына, акчасына жана кайсы бир жетекчи менен туугандык байланышына карабай ачыкталышы керек.

«Азыр сойкуларга каршы катуу күрөшүп, социалдык тармак аркылуу алардын сүрөттөрүн жарыялап жатасыздар. Анда эмнеге өзүнө кызматына, акчасына, даражалуу туугандарына ишенип мас абалында унаа башкаргандардын сүрөтү чыкпайт? Аларга каршы дагы сойкуналарга каршы жүргөн кампанияны алып барсаңар. Алар мыйзам бузуп жатпайбы», — Аида Исатбек кызы.

Ички иштер министринин орун басары  Октябрь Урмамбетов маалыматында, милициянын 94 кызматкери жол коопсуздук эрежелерин бузууга катышкан. Мыйзам бузуу боюнча 61 кызматкерине иш козголгон.

Белгилей кетсек, Балыкчыда жөө өтмөктөн өтүп бараткан окуучу кызды сүзүп кеткен окуяга байланыштуу шаардык милициянын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана иниси Бекзат Казаков кармалды.

Балыкчыда окуучу кызды сүзүп, качып кеткен ага-ини милиционерлер камалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>