Соңку суткада 24 адам байланыш аркылуу коронавирус жуктуруп алган

Соңку суткада 24 адам байланыш аркылуу коронавирус жуктуруп алган

31-майда коронавирус жукканы аныкталган 26 учурдун экөөсү гана сырттан келгендер, калган 24 учур илдетти өлкө ичинде байланыш аркылуу жуктуруп алышкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бирифингде айтты.

Эки учурдун бири сапарда жүрүп жугузуп алса, экинчиси энеси менен Орусиядан келген өспүрүм болгон.

Белгилей кетсек, соңку суткада 26 адамдын анализинен коронавирус табылып, жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 1748 адамга жетти. Анын ичинен 1170 бейтап айыгып чыкса, 16 адам каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>