Соңку суткада илдеттен 4 адам көз жумду

Соңку суткада илдеттен 4 адам көз жумду

Акыркы суткада 264 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 86, Ош – 2, Чүй облусу – 60, Ош облусу – 25, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 44, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 11.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 миң 415 адамга коронавирус жуккан, анын 71 миң 656сы сакайды.

Ал эми соңку суткада 4 адам илдеттен каза болду, республика аймагында бүгүнкү күнгө чейин жалпы  1 миң 321 киши вирустун курмандыгы болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>