Соңку суткада коронавирус бир шаар менен үч облуста катталбады

Соңку суткада коронавирус бир шаар менен үч облуста катталбады

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 88 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4604 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош шаарында, Талас, Баткен жана Ош облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 55;
Чүй облусунда – 24;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 5;
Жалал-Абад облусунда – 1.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 68 бейтап сакайды. Илдеттен каза болгондор катталган жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>