Соңку суткада коронавирус жуккандардын арасында Тажикстандан келгендер бар

Соңку суткада коронавирус жуккандардын арасында Тажикстандан келгендер бар

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган 28 адамдын бешөө сырттан келген. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Үсөнбаевдин айтымында беш адамдын бирөө Дубайдан, төртөө Тажикстандын келишкен. Аалардын баары обсервацияда болуп, ооруну жуктуруп алганы тийиштүү текшерүүлөрдөн кийин аныкталган.

6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 871адамга жетти. Алардын ичинен 614 бейтап ооруну жеңип чыккан. 12 бейтап кайтыш болсо, учурда 4 бейтап оор абалда реанимацияда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>