Кыргызстанда соңку 24 саат аралыгында коронавирустан үч, пневмониядан 32 бейтап каза болду. Бул тууралуу 11-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирустан каза болгон бейтаптар төмөнкү аймактарда катталган:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 2 (эркектер, 65 жашта, 51 жашта);
Лейлек аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 44 жашта).
11-июлга карата коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 125 адамга жетти. Ал эми март айынан бери пневмониядан жалпы 382 адам каза болду.