Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Соцтармактарда Садыр Жапаровдун туфлиси талкууга түштү – видео
09.12.2022 | 14:32
Кыргызстанда социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун туфлиси талкууга түштү.
Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЕАЭБ саммити өтүүдө. Саммитке келген өлкө лидерлерин конгресс-холлдо Садыр Жапаров тосуп алууда.
Тосуп алуу учурунда тартылган видеодо Садыр Жапаров таманы кызыл туфли кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Көптөрдүн көңүлүн президенттин таманы кызыл туфлиси бурган.
Алардын пикири боюнча, президент кийген бут кийим франциялык Christian Louboutin’дин туфлиси болушу мүмкүн. Аталган туфли Москвадагы ЦУМда 72,1 миң рубль турат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом