Кыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышат
Сокулук районунда ымыркайдын жансыз денеси таштанды таштоочу жайдан табылды. 23 жаштагы кыз кармалды
14.11.2025 | 09:39
Сокулук районунда укук коргоо кызматкерлери жаңы туулган ымыркайын олтуртууга шектелген аялды кармашты. Бул тууралуу Reporter.kgге Чуй облусунун ИИББ басма соз кызматынан билдиришти.

12-ноябрь күнү Сокулук районунун Комсомольское айылындагы таштанды таштоочу жайдан футболкага жана пакетке оролгон жаңы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ымыркайдын киндиги кесилген эмес. Окуя болгон жерге дароо Сокулук райондук ИИБ кызматкерлери барып, күбөлөрдү суракка алышкан. Укук коргоочулар КР ЖКнин «Жаңы туулган ымыркайды энеси тарабынан олтуртуу» беренеси боюнча иш козгошту.
Ымыркайдын энеси аныкталып, кармалды. Ал 23 жаштагы А.Ф. экени такталды, кыз камакка алынды. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар