Чүйдүн Сокулук районунун Ак-Жол айылында 134 млн 250 миң сомго балык жана балык азыктарын кайра иштеткен цех салынууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Ал «Вилби» ишканасы тарабынан курулууда. Цех ишке кирсе 45 жаңы жумуш оруну түзүлөт.
Ишкана жылына өндүрө турган өнүмдөр:
- Муздатылган форель — 1000 тонна;
- Тоңдурулган форель — 1000 тонна;
- Ышталган балык өнүмдөрү — 800 тонна;
- Кургатылган балык өнүмдөрү — 400 тонна;
- Аз туздалган балык азыктары — 1000 тонна;
- Консерваланган продукция — 1 000 000 даана.