Чүйдүн Сокулук районунда блогерди сабоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустун милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-мартта милицияга М.М. аттуу 48 жаштагы жаран кайрылган. Ал ошол күнү саат 07:30да Сокулук айылындагы Жеңиш паркында 25-30 жаштар чамалуу белгисиз жаран аны сабап салганын билдирген. Сабалган жаран ооруканага түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 24 жаштагы У.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө сабалган жаран Сокулук районунда коомдук активист жана блогер экендиги белгилүү болгон. Ал ошол күнү аталган сейил бакта коомдук транспорт тууралуу видео тартып жатканда таксиде отурган У.К. менен уруша кетишкени, жыйынтыгында У.К. аны сабап салганы аныкталган.
Учурда тергөө жүрүп жатат.