Сокулукта колу-буту скотч менен таңылган бойдон көчөдөн табылган 7-класстын окуучусунун абалы туруктуу. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Сокулук райондун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Венера Китаева билдирди.
Анын айтымында, медициналык кароо 24-октябрда жүргүзүлгөн. Кызды эки гинеколог, травматолог, невропатолог карап чыккан.
«Жыйынтыгында жабык баш жаракаты, мээнин чайкалышы, баштын терисинен жаракат аныкталган. Дарылануу жазып берилип, кайра 31-октябрда дарыгерге кайрылуу сунушталган», — дейт Венера Китаева.
Гинекологдун бүтүмү суд-медэкспертизанын жыйынтыгы менен айтылат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.
Аны 2019-жылы соттун чечими менен асырап алышкан. Сокулук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.
Белгилей кетсек, 24-октябрь күнү кыздын кошуналары кечке жуук көрүп, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча коомчулукка кечээ, 30-октябрда гана белгилүү болду.
Кыздын колу-буту скотч менен байланып, оозуна чүпүрөк тыгылып, шымы чечилип, эс-учун жоготкон бойдон көчөдө жаткан.
Ишти облустук башкармалыктын жетекчилиги өз көзөмөлүнө алып, күбөлөр жана кыздын ата-энеси сурак берип, алар айткан маалыматтар текшерилди.
Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Сокулукта колу-буту таңылып көчөдө жаткан окуучу кыздын иши териштирилүүдө
Биздин Телеграм каналга катталыңыз