Психолог жардам көрсөтүүдө. Сокулукта колу-буту таңылган кыздын мээси чайкалган

Психолог жардам көрсөтүүдө. Сокулукта колу-буту таңылган кыздын мээси чайкалган

Сокулукта колу-буту скотч менен таңылган бойдон көчөдөн табылган 7-класстын окуучусунун абалы туруктуу. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Сокулук райондун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Венера Китаева билдирди.

Анын айтымында, медициналык кароо 24-октябрда жүргүзүлгөн. Кызды эки гинеколог, травматолог, невропатолог карап чыккан.

«Жыйынтыгында жабык баш жаракаты, мээнин чайкалышы, баштын терисинен жаракат аныкталган. Дарылануу жазып берилип, кайра 31-октябрда дарыгерге кайрылуу сунушталган», — дейт Венера Китаева.

Гинекологдун бүтүмү суд-медэкспертизанын жыйынтыгы менен айтылат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат.

Аны 2019-жылы соттун чечими менен асырап алышкан. Сокулук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү тарабынан үй-бүлөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат.

Белгилей кетсек, 24-октябрь күнү кыздын кошуналары кечке жуук  көрүп, милицияга кабарлашкан. Бул боюнча коомчулукка кечээ, 30-октябрда гана белгилүү болду.

Кыздын  колу-буту скотч менен байланып, оозуна чүпүрөк тыгылып, шымы чечилип, эс-учун жоготкон бойдон көчөдө жаткан.

Ишти облустук башкармалыктын жетекчилиги өз көзөмөлүнө алып, күбөлөр жана кыздын ата-энеси сурак берип, алар айткан маалыматтар текшерилди.

Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Сокулукта колу-буту таңылып көчөдө жаткан окуучу кыздын иши териштирилүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>