Сокулуктун тургуну алдамчылык менен таанышынын үйүн күрөөгө коюп салган  — сүрөт

Сокулуктун тургуну алдамчылык менен таанышынын үйүн күрөөгө коюп салган  — сүрөт

Сокулукта алдамчылыкка шектүү 36 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Сокулук районунун Н.А. аттуу тургунун  үйүн К.Н. атуу аял сатып алмак болуп ооз-эки келишим кылышкан. 21 миң долларга бааланган үйдүн алгач 10 миң долларын берип, турак жайды күрөөгө коюп насыя алгандан кийин калган акчасын берүүгө убада кылган.  Бирок насыя алгандан кийин байланышка чыкпай, таптырбай кеткен. 

Бул даттануу боюнча иш ачылып, ыкчам-издөө аракеттеринин аркасында 1984-жылы төрөлгөн К.Н. аттуу аял кармалып, анын дагы 3 алдамчылык ишке тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө иштери жүрүүдө. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>