Бишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирди
Сокулуктун тургуну үйүнө кирген ууруну кармап калды
30.12.2022 | 09:48
Сокулук районунда уурулук жасоого аракет кылган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сарбан айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
«Арыз ээси 27-декабрда анын үйүнө белгисиз адам кирип, уурулук жасоого аракет кылып жаткан жеринен кармалганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин (уурдоо аракети) негизинде кылмыш иши козголгон», – деп айтылат маалыматта.
Шектүү деп кармалган 1989-жылы туулган жаран соттун чечими чыкканга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар