Мурда сыйлыктар бийликти мактагандарга берилчү, — Жапаров

Мурда сыйлыктар бийликти мактагандарга берилчү, — Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга тапшырылган мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу суроого да жооп берди.

-Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга: «Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле»,- деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?

— Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, “дежурларга” көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот.

Ар кыл чөйрөнүн ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>