Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттү дайындоо маселесине парламент чекит коет

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттү дайындоо маселесине парламент чекит коет

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө,  Садыр Жапаровду премьерликке бекитүү токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынгандыгы дагы бир жолу белгиленген.

“Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл” – деп жазылат анда.

Президент ошондой эле, Кыргызстан  укуктук өлкө болгондуктан бардык маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши керектигин белгилеп өткөн.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомдун артка кайтарылышынан кийин анын тарапташтыр  кайрадан митингге чогулары тууралуу маалымат тараган. Алардын митингги 14-октябрда саат 12:00дө Эски аянтта өтөрү пландалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>