Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады

Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди туулган күнү менен куттуктады деп, билдирди президенттин басма сөз кызматынан.

Анда мамлекет башчы Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигине чоң-чоң ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кытай элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалаган. 

«Сиздин кесипкөй, турмуштук бай тажырыйбаңыз достук мамиледеги Кытайдын туруктуу өнүгүшүн бекемдөөгө максатталган ийгиликтүү мамлекеттик ишмердигиңиздин бекем негизи болуп саналат.

Сиздин иш билги жетекчилигиңиздин астында Кытай COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүүдө өзүнүн бардык күчтөрүн бир арага топтоп, чоң ийгиликтерге жетишти.

Ошону менен бирге Кытай Эл Республикасы коронавирус менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына маанилүү гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Дүйнөдө коронавируска байланыштуу кырдаал мурдагыдай эле өтө оор абалда, бирок, ага карабастан, жалпы күч-аракеттерибиз менен бул илдетти жеңебиз деп ишенем.

Ак ниет коңшулукка, достукка, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-кытай мамилелери кыйшаюусуз өнүгөөрүнө жана эки элдин келечеги үчүн бекемделерине терең ынанам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>