Президентти коштоп баргандардан коронавирус аныкталып, Жээнбеков Жеңиш парадына катышпай калды

Президентти коштоп баргандардан коронавирус аныкталып, Жээнбеков Жеңиш парадына катышпай калды

Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүп жатат. Парадга барган Кыргызстандын делегациясынын эки өкүлүнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Алгоритмге ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков, делегациянын мүчөлөрү жана аны коштогон адамдар Москвага келгенден кийин коронавируска тесттен өтүшкөн. Аны коштогон эки адамдан вирус аныкталган. Ошол себептен өлкө башчы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартууну чечти», — деп жазылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>