Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
Сосновка бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди (видео)
07.01.2025 | 19:51
Чүйдөгү Сосновка өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Аталган башкармалык кабарлагандай, аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкек – Ош жана Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолдоруна туман түшүп, кар жаап жатат. Жолчулар тарабынан кум-туз чачылууда.
Төө-Ашууда кар жаап жаткандыктан Сосновка өткөрмө жайында жүк ташуучу чоң унааларга чектөө киргизилди.
Жол тескөөчүлөр “Бишкек – Ош” жана “Бишкек – Нарын – Торугарт” унаа жолунда кызмат өтөөдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом