БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Сосновка постунда жүк ташуучу чоң унаалар өткөрүлө баштады
05.11.2024 | 10:23
Чүйдөгү Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Буга чейин министрлик 5-ноябрга караган түнү саат 02:15те Сосновка постунда жүк ташуучу чоң унааларга чектөө киргизилгенин кабарлаган. Эми ал чектөө алынып, жүк унаалары өткөрүлө баштады.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом