Сот Аскат Жетигенди бир берене боюнча актап, экинчиси боюнча күнөөлүү деп тапты (видео)

Сот Аскат Жетигенди бир берене боюнча актап, экинчиси боюнча күнөөлүү деп тапты (видео)

Бишкектин Свердлов райондук соту акын Аскат Жетигенге өкүм чыгарды.

Соттун өкүмү менен Аскат Жетиген «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча акталып, «бийликти күч менен басып алууга чакырыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот акынды 3 жылга эркинен ажыратты.

Аскат Жетиген соттун өкүмү негизсиз болгонун айтып, аны менен макул эмес экенин билдирди.

Ишти сот Жолдошбек Сулайманов карады.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>