Сот АШКнын чечимин күчүндө калтырып, КЭДП шаардык кеңештен четтетилди

Сот АШКнын чечимин күчүндө калтырып, КЭДП шаардык кеңештен четтетилди

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек административдик соту КЭДП партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине даттануусун карады. Буга чейин Бишкек АШК партияны жарыштан чыгарган  чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы колдогон.

Сот кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, Бишкек АШК КЭДП партиясын жарыштан четтетүү чечимин күчүндө калтырды.

19-апрелде Аймактык шайлоо комиссиясы партиянын өкүлдөрү добуштарды сатып алгандыктан улам, ушундай чечим кабыл алынгандыгы маалымдалган.

КЭДП АШКнын тандалма чечими экенин айтып, нааразычылык билдирип келишет.

Мыйзамга ылайык, жарышка катышкан партиялар шайлоо босогосунан 7% чектен өтүш керек.

КЭДП Бишкек шаардык кеңештен четтетилсе анда алдын ала маалымат боюнча шайлоо босогосунан өткөн «Биздин эл» партиясы – 7 (5), «Ата-Журт» — 8 (7), «Ак-Бата» 11(9), «Эмгек» — 12(10), «Ынтымак» партиялары — 7 (6) мандатка ээ болушат.

11-апрелде шайлоо 28 шаарда жана 420 айылда өттү. Бишкек шаарында шаардык кеңештин мандаты үчүн 25 партия ат салышты.

НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңештен четтетилди

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>