Сот Чыныбай Турсунбековдун кызын камактан бошотту

Сот Чыныбай Турсунбековдун кызын камактан бошотту

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова эч жака кетпөө тил каты менен камактан бошотулду. Мындай чечимди 26-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.

Маалым болгондой, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү тарабынан мурда тандалган баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүч келтирилген. Сот тарабынан өтүнүч канаттандырылып, Айдай Турсунбекова абактан чыгарылды.

Буга чейин «Акун» компаниялар тобунун негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык «Капитал Банктын» 100% акциясы мамлекеттин карамагына өткөндүгү маалымдалган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Чыныбай Турсунбековдун кыздары Айдай жана Бегимайды июнь айында кармаганы белгилүү болгон. Айдай Турсунбекова соттун чечими менен тергөө абагына камакка алынган, ал эми Бегимай Чыныбек кызы үй камагына чыгарылган. Аларга «кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганы кабарланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча үн катып, Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсү убагында «Капитал банк» менен «Бишкек арак заводун» мыйзамсыз менчиктештирип алганын сөз кылып, бул эки объект мамлекетке кайтарыларын билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>