Сот Илимдер академиясынын мурдагы кызматкерин дагы 1 айга камакта калтырды

Сот Илимдер академиясынын мурдагы кызматкерин дагы 1 айга камакта калтырды

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөчү А. Султаналиевдин өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту Жоомарт Карабаевди тергөө аяктаганча, 19-сентябрга чейин №1 тергөө абагына камакта калтырган.

Ошондой эле жактоочу Акынбек Ногоев Карабаевдин соцтармактагы билдирүүлөрү боюнча кайта экспертиза өткөрүү өтүнүчүн келтирген. Бирок сот Т. Турдукулов аны катаантандырган эмес.

Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.

Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>