Сот Жусупбек Коргонбай уулун министр Бейшеналиевге айып төлөп берүүгө милдеттендирди

Сот Жусупбек Коргонбай уулун министр Бейшеналиевге айып төлөп берүүгө милдеттендирди

Сот Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупбек Коргонбай уулун саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жалган маалыматтарды төгүндөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин Ленин райондук соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өзүнүн ар намысын, абийирин коргоо жана 10 миң сом моралдык чыгымын өндүрүү үчүн мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулуна койгон доосун канааттандырды.

Мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп бир нече жолу айыптаган. Мындай билдирүүгө Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы депутат өлкөнүн түштүк аймагынан кызмат сураган деп жооп берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде анын берген арызына ылайык Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>