Путин, Си Цзиньпин жана Трамп тынчтык жөнүндө декларация кабыл алышты: эмнелер тууралуу макулдашылдыБолоткан Баяке уулу Баткен районунун акими болуп дайындалдыПрокуратура: Жалал-Абад облусунда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия дайындалганКыргызстандыктар үчүн Кытайдын ЖОЖдорунда окууга 9 мамлекеттик стипендия бөлүндүMBusiness акциясында ишкерлер 1 миллион жана 200 миң сомдон утуштуПутин, Си Цзиньпин жана Трамп Шэньчжэнь шаарында жолугушту: сүйлөшүүлөр алдындагы негизги учурлар
Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага жолдомо утуп алды
02.06.2024 | 19:32
Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына лицензия утту.
Сейитбек уулу Бангкокто өтүп жаткан боксчулар арасындагы лицензиялык турнирге 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Анда Париждеги оюндарга жалпы 3 жолдомо ойнотулду.
Кыргызстандык спортчу жарым финалга ийгиликтүү өтүп, бирок ал жерде украиналык спортчуга утулуп калды. Бүгүн, 2-июнда ал индиялык боксчу Сачин менен беттешип, аны жеңип алды. Бул жеңиш кыргызстандык спортчуга бул салмак категориясында Олимпиада оюндарына акыркы лицензияны жеңип алууга мүмкүндүк берди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар